Как выбрать вытяжку

Тартып чыгаруучу түтүктүн тегин аныктагыла.

Рециркуляция жана бөлүү режиминде иштеп атса, аба киргизүүчү түтүктү сырткы вентиляция системасына чыгаруу зарыл. Аба киргизүүчү түтүктүн диаметри – 120–150мм. Кубаттуулугун жоготпош үчүн аба киргизүүчү түтүктү ийбейт, узартпайт. Төрт бурчтук же тегерек аба киргизүүчү түтүктү орнотууну сунуштайм. Мында түтүк жылмакай болууга тийиш, ал эми гофранын үнү катуу.

Рециркуляция режиминде гана иштеп жатса, түзүлүштү вентиляциялык шахтага туташтырасыз. Аба көмүр чыпкасынан өтүп тазаланат.

Төмөнкү материалдарды даярдаӊыз:

  • Гофра (аба чыгарат);
  • Вентиляциялык шахтага тор (гофра орнотулган жерди жабат);
  • Гофраны бекиткичтер (фиксатор) – 2 каамыт.
  • Аспаптар: шуруповёрт же дрель, перфоратор, отвёртка, бычак, рулетка жана калем сап, уровень, металл кескич кол араа.

Тартып чыгаруучу түтүктүн орнотулуучу бийиктиктигин аныктаӊыз. Тартып чыгаруучу түтүктү электр плитасынын үстүнөн кеминде 70 см, газ плитасынын үстүнөн 80 см аралыкта орнотуу керек.

Тартып чыгаруучу түтүктү дубалга бекитиӊиз. Тартуучу борбордун ортосунан орнотуу зарыл.

Аба киргич түтүктөр системасына түзүлүштү кошуӊуз же көмүр чыпкасын ичине жайгаштырыӊыз.

Аба киргич түтүк гофра аркылуу вентиляциялык каналга монтаждалат. Кошулган жер каамыт менен кысылып, силикон сүртүлөт.

Вилканы розеткага сайыӊыз. Тартып чыгаруучу түтүккө жана башка турмуш-тиричилик техникасына розетка кандай жайгаша тургандыгын жакшылап ойлонуу керек.

Аба киргизүүчү түтүктү жапкан коргогуч каптоочту орнотуӊуз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить