Выбираем утюг

“Табылга” соода комплексиндеги тиричилик техникасы күркөлөрүнөн үтүктүн ар кандай түрүн көрүүгө болот. Ар бир үй-бүлөнүн тиричилигин ушул кичинекей электр техникасыз элестетүү кыйын. Түрдүү материалдан тигилген кийимдерди үтүктөө өзгөчө мамилени талап кылат. Андыктан үтүк тандап жатып, күндөлүк тиричиликте колдонуу үчүн кандай түрүн сатып алууну аныктап алуу зарыл.

Азыркы учурда үтүктүн бир канча түрү бар:

Классикалык
Терморегуляторлуу же сепкичи менен
Бууланткыч
Жол үтүгү

Классикалык үтүк жөнөкөй болуп, анча көп эмес функцияга ээ. Жөнөкөй үтүктө кийимди нымдоо жабдыгы орнотулган эмес жана колдонууда кол менен нымдоого туура келет.

Таманынын ысыганын жөнгө салгантерморегуляторлуу үтүк азыркы учурда анча көп өндүрүлбөйт, анткени мындай түрдөгү үтүк тыгыз кийимди үтүктөөгө жараксыз жана керектөөчүлөр арасында анчалык популярдуу эмес.

Сепкичтүү үтүк эӊ алгачкы модель болуп калды. Анда нымдагыч түзүлүш жабдыктын өзүндө орнотулган.

Көлөмү кичине жол үтүгү сумкага салып алууга ыӊгайлуу болуп, сапарга алып жүрүүгө болот. Анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить