Как очистить утюг

Үтүктөн калган такты кетирүү көйгөйүнө көпчүлүбүз эле туш болгон болушубуз керек. Ал такты кантип кетирүүнү айтып бергибиз келет.

  1. Тоголок баш пияздын жардамы менен үтүктөн калган такты кетирүүгө болот. Жарым тоголок пиязды кездеменин кирдеген жерине суюк ботко болгонго чейин сүртүӊүз. Пияз боткону так болгон жерге бир нече саатка коюӊуз. Андан кийин муздак сууга нымдап, жылуу сууга жууп коюӊуз.
  2. Анча чоӊ эмес үтүктөн калган такты кездемени сүткө нымдап туруп сүртүш керек. Так кетери менен кездемени чайкап туруп кылдаттык менен жууп коюу абзел. Ошондой эле кайнак суу менен сыянын, көктүн жана шараптын тагын кетирсе болот.
  3. Ысык үтүктөн калган жаӊы такты лимон ширеси менен чыгарышат. Бул ыкма ак, кара, боёлгон буюмдарга да ылайык келет. Лимон шараптын, даттын жана калемсаптын тагын кетирүүгө жардам берет.
  4. Пахта буласынан жана башка табигый кездемеден үтүктөн калган такты кетирүүгө жарым стакан сууга бир чай кашык суутек кычкылы (перекись) жана 10% нашатырь спиртинин бир нече тамчысы кошулган аралашманы колдонушат. Такты марля же вата менен сүртүп, бир нече минутага калтырып коюу зарыл. Андан кийин муздак сууга чайкап, дагы бир жолу үтүктөп коюу керек. Нашатырь спирти кан, чай, кофе, чөп, май, сыя, желим жана башка органикалык жана органикалык эмес заттардан калган такты кетире алат.
  5. Үтүктөн калган такты бор кислотасы менен сүртүп кетирсе болот. Так агарып калгандан кийин кадимки айна же самын менен жылуу сууга жууп койсо болот.
  6. Кара кездемеден, шымдан же көйнөктөн жылтыраган такты кетирүү үчүн таза марляны алып, уксустун начар аралашмасына салып, тактын үстүнө коюп ысык үтүк менен басыӊыз. Уксустун аралашмасы чөп, тер, желим жана сыядан калган такты кетирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить