Как выбрать полотенцесушитель

Сүлгү кургаткыч ваннаны жайгаштырууга караганда майда нерсе катары көрүнүшү мүмкүн. Оӊдой келгенде майда-чүйдө эмес.

Сүлгү кургаткычтын түрүнүн көптүгүнөн адашууга да болот. Айырмалоого жардам беребиз.

Суу толтурулган кургаткыч – бул суу жылуулук системасына кошулган батарея. Артыкчылыгы – колдонууга арзан, ысык суу өчүп калса пайдасыз.

Туташтыруу: диагонал. Бир капталынын жогору жагынан киргизип, астынан карама-каршы жагынан чыгаруу.

Капталынан. Жогору жагынан киргизип, астынан чыгаруу. Мейкиндикти сарамжалдайт.

Төмөнкү. Татаал формадагы модель болсо, жарай берет, бирок басымы жогору ысык суу керек.

Электр. Суунун ордуна ысыткыч катары (суюктук же кабель). Тез монтаждоого болот, ыӊгайлуу (өчүрүп, күйгүзсө болот, таймер, терморегуляторду колдонсо болот). Албетте, электр кубаты кымбатка турат.

Туташтыруу:

Сырткы жакынкы розеткага (бирок бул эӊ коопсуз эмес вариант).

Жабык зымдары дубалга жашырылган.

Комбинациялангандары суу, электр кубаты менен да иштейт, баасы дагы буга татыктуу!

Формасы боюнча: M, U, S, E, B сымалдар, шаты, бурулуш формасында.

Жайгашуусу боюнча: дубалга жана полго.

Үстүнүн теги боюнча: сырдалган, хромдолгон же жымсалданган (баасынан жана кызмат кылуу мөөнөтүнө жараша айырмаланат).

Жасалган материалы боюнча:

Дат баспас болот. Калыӊдыгы 2,5 мм болгон моделдеринен (булар бат бузулат) башкасы узак мөөнөттүү (өзгөчө хромдолгону же сырдалганы менен).

Коргоочу кабаттуу кара болот. Өтө бекем, бышыктыгы менен айырмаланат. Дизайнын тандоодо кыйынчылык жаралат.

Жез же латунь. Жылуулукту эӊ жогорку деӊгээлде өткөргөндүгү менен айырмаланат. Бирок суу жылуулук системасына туташтыруу үчүн бул моделдин ичин гальванизация (бул маалыматты түзүлүштүн паспортунан караӊыз)процедурасынан өткөрүү зарыл, болбосо кызмат өтөө мөөнөтү эки эсеге кыскарат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить