Оозгу үй: пайдалуу кеӊештер

Оозгу үй – үйдүн визиттик карточкасы, андыктан ал саркеч, ыӊгайлуу болууга тийиш. Бул бөлмө ар тараптуу десек болот. Сырткы кийимибизди, бут кийимибизди сактайбыз, конок тосуп алабыз, жумушка же сейилдөөгө чыгууга даярданабыз, башкача айтканда үй менен сырттын чек ара тозоту. Оозгу үйдүн чоӊдугу менен ар ким эле мактана албайт, бирок андагы мейкиндикти көрүнөө чоӊойтуп, иретсиздиктен кантип арылууга боло тургандыгын айтып беребиз.

1. Негизги принцип – минималдуулук

Анча чоӊ эмес оозгу үйдө эмеректер, жасалгалоочу нерселер канчалык кичирээк болсо, ошончолук жакшы. Бир канча текче, чакан кийим салгыч шкаф, эки-үч кийим илгич – ыӊгайлуу ички жасалгага керектүү буюмдар. Жылмакай ак түс мейкиндикти көз көрүнөө кеӊейтет, мындай эмерек менен оозгу үй чоӊ көрүнөт.

2. Эби-сыны жок эмеректин кереги жок!

Өтө чоӊ гарнитурадан баш тартыӊыз, 45 см тереӊдиктеги шкаф үстүӊкү кийимди илгенге жетиштүү. Бардык сырт кийимдериӊизди оозгу үйгө сактабаӊыз, болгону мезгилге ылайык кийимдериӊизди коюп коюӊуз. Шкаф коюуга мүмкүн эмес болгон кууш оозгу үйгө бир нече катарга тизилген илгичтер эӊ мыкты чечим. Үстүӊкү жарым кабат салгычтарга өтө зарыл эмес буюмдарды салыӊыз.

3. Жыйнактуу бут кийимдер

Коридорго көп бут кийим койбоо кажет.Комоддор менен галошницалар бут кийим сактоодо иретти камсыз кылып, көп орун ээлебестен тыкан көрсөтөт. Бут кийим койгучка 8 жуп бут кийимди гана койсо болот.

4. Чагылган оюн

Оозгу үйдүн аянтын күзгү эки эсеге чоӊойтуп көрсөтөт. Чоӊ полотно колдонгуӊуз келсе, соккуга туруштук бере ала турганына көӊүл буруӊуз. Жылдырма күзгү коюуну сунуштайбыз. Кичине бастырманын астына майда-чүйдө сактаганга консоль же анча чоӊ эмес комод коюп коюӊуз.

5. Жарыктын мааниси

Оозгу үйдөгү жарык абдан маанилүү, анткени бул жер жумуш күнүнөн кийин сизди тосуп алат. Жарык күзгүдөн чагылып, көзгө тийбегидей, тегиз, өтө жарык эмес болууга тийиш. Узун коридорго дубал шамын, шып чырактарын бири-биринен бирдей аралыкта коюӊуз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить