Преимущества и недостатки микроволновой печи

Технология өсүп-өнүккөн сайын биз ага көнүп, жашообузда бекем орун алууда. Мындай буюмдардын бири микротолкундуу меш биздин ашканада кеӊири жай тапты. Бирок аны баарыбыз эле колдоно бербейбиз. Анын себеби пайдасына караганда зыяны көп экендиги менен түшүндүрүлөт.

Микротолкундуу мештин түрлөрү.

Микротолкундуу мештин артыкчылыктары менен кемчиликтерине баа бериш үчүн адегенде түрлөрүн карап чыгалы.

  1. Моно-меш(соло деп дагы аташат) деп аталган микротолкундуу мештер азык-түлүктү тез ээритип, ысытууга арналган аз функциялуу меш. Алар микротолкунду гана пайдаланышат.
  2. Гриль-меш– мунун функциясы абдан кеӊири. Азык-түлүктү ысытыш үчүн гана эмес тамак даярдаганга да пайдаланылат.
  3. Конвекциялык мешаба вентиляциясы менен жабдылат. Кеӊири функциялары духовка катары колдонууга мүмкүндүк берет.

 

Артыкчылыктары:

  1. Ысытууда май колдонуунун кажети жок. Жогорку температурада май менен өз ара түзүлүүчү  канцероген заттарынын биздин организмге кирүүсүнөн сактайт.
  2. Анча чоӊ эмес көлөмдөгү микротолкундуу мешти аз аянттагы ашканага агрегатты жайгаштырууга жол ачат.
  3. Орнотулган программалар температура жана убакыт режимин автоматтык түрдө жолго салууну колдонот, бул электр кубатын сарамжалдайт.
  4. Азык-түлүктү ээритүү узактыгы абдан кыскарат (бир нече саатан ондогон минутага чейин).
  5. Жөнөкөй плитага караганда ашкананын ичи ысыбайт.
  6. Азыктын витамин курамын бузбайт.

 

Кемчиликтери:

Микротолкундуу мештин артыкчылыктары менен катар кемчиликтери да бар. Алардын эӊ негизгиси зыяндуу нурлануу болуп эсептелет, бирок өндүрүүчүлөр бул кемчилик менен күрөшүп, айнектин алдында кармагыч торчо орнотуп, корпустун коргоочу касиетин жакшыртышууда.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить