Микроволновая печь, 11 лайфхаков

1.    Чипсынын таңгагын ачар менен ошол күнү жеш керек экенин
билесизби? Кийинки күнү ал нымдашып, жумшарып калат. Бирок
сүлгүгө ороп туруп микротолкундуу мешке салып койсоңуз, калыбына
келип, кытырап калат.
2.    Чашкадагы кекс. Чашкага какао, ун, сүттү аралаштырып,
микротолкундуу мешке коюп койсоңуз, кекс даяр.
3.     Микротолкундуу мешке жашылчаны бууга даярдаса болот. Ал
үчүн жашылчаны болушунча майда туурап, ысыкка чыдамдуу
керамика идишке салып, 1, 2 чай кашык суу кошуп, микротолкундуу
мешке 600 Вт. 5, 6 мүнөт коюп коюңуз.
4. Микротолкундуу мешти чөп кургатканга колдонсо болот.
Жалбырактарын үзүп, жууп, кургатыңыз. Бир каттап салфеткага коюп,
микротолкундуу мешке 2, 3 мүнөткө коюп коюңуз. 20 секунд сайын
кургап жатканын карап туруңуз.
5. Көпкө туруп калган нанды ашкана сүлгүсунө салып туруп,
микротолкундуу мешке салып койсоңуз жумшарып калат.
6. Пиязды жаш агызбай туураса болот. Кабыгынан аарчылбаган
пияздын эки учун кесип туруп, 30 секунд микротолкундуу мешке
коюңуз.
7. 10, 20 секунд микротолкундуу мешке лимонду ысыта коюп,
сыксаңыз 40% көбүрөөк шире ала аласыз. Жылуу таасир этүүнүн
жыйынтыгында лимондун клеткалары жумшарып, шире жеңилирээк
чыгат.
8. Жаңгакты 600 Вт. 2, 3 мүнөткө микротолкундуу мешке жаңгакты
куурусаңыз болот.
9. Помидорду иштетиш үчүн микротолкундуу мешке 20 секунд коюп
койсо, кабыгын жеңил аарчыганга болот. Мындай жол менен быламык
даярдаса болот. Ал үчүн тарелкага жашылчаны салып, 1 мүнөт
ысытыңыз. Кабыгын алып, вилка менен бир аз эзип, блендерди
колдонуңуз.
10. Чуңкур тарелкага суу, лимон ширесин же уксус кошуп,
микротолкундуу мешке салып, болгон кубатына коюп, бир нече мүнөт
иштетиңиз. Андан кийин ашкана сүлгүсү менен сүртүңүз.
11. Чипсыны өз алдынча даярдаган өтө жөнөкөй. Картошканы өтө жука
кылып кесип туруп, шампурга тизүү керек. Өсүмдүк майын бир
тамчылатып туруп, 750 Вт. 7 мүнөттөй салып коюу зарыл.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить