Кир жуугуч машинаны кебер менен кирден кантип тазаласа болот

Кир жуугуч машинаны дайыма тазалап турууанын кызмат өтөө мөөнөтүн гана узартпастан натыйжалуу иштешине жардам берет. Кир жуугуч машинада төмөнкү нерселерди топтолушу мүмкүн:

– тыгыздоочу резинкада козу карын жана көк дат;

– ТЭНдеги кебер;

– айнанын, суюк каражаттын жана башка кошулмалардын калдыгы;

– төккүч насостун чыпкасындагы кирлер жана майда нерселер;

– куюучу шлангдын чыпкасындагы дат жана кум.

Кир жуугуч машинаны таптаза абалга алып келүү үчүн корпусунан тартып, ички тетиктерине чейин тазалоо зарыл.

1-кадам. Барабан менен ТЭНди кеберден тазалоо.

1-ыкма: Уксус менен сода – 2 чай кашык 9% ашкана укусусун, ¼ ашкана содасын, ¼ стакан суу. Соданы сууга аралаштырып, айна сала турган жерге, ал эми уксусту барабанга куюӊуз. Машинаны эӊ жогорку температурада бош жана эӊ узак убакытка коюп иштетиӊиз.

2-ыкма. Лимон кислотасы. 1–6 таӊгак (кир жуугуч машинанын көлөмүнө жараша) айна сала турган жерге салып, машинаны эӊ жогорку температурада бош жана эӊ узак убакытка коюп иштетиӊиз.

3-ыкма. Тыгыздоочу резинканы тазалайбыз. Өзүн өзү тазалап жуудургандан кийин тыгыздоочу резинканы тазалоого киришүү керек. Аны каалаган тазалагыч каражаттын жардамы менен жасаса болот. Ным майлыкка каражатты куюп, кылдаттык менен резинаны тартып туруп, корпустун металл бөлүгүн жана резинанын өзүн сүртүӊүз.  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить