Офисная мебель, выбираем кресло

Кеӊсе эмереги эмерек продукцияларына коюлуучу талаптардан өзгөчөлүгү менен айырмаланат.
Кеӊсе отургучтары менен креслолор көпкө чыдаган, бекем, ошондой эле күнүнө 6–8 саат иштеген адамдарга ыӊгайлуу жана саламаттыгы үчүн коопсуз болууга тийиш. Кызматкердин өзүн жакшы сезүүсү, ден соолугу менен иштөө жөндөмдүүлүгү кеӊсе эмерегинин ыӊгайлуулугуна байланыштуу болот.
Кеӊсенин ичине арналган бардык кресло менен отургучтар үч категорияга бөлүнөт:
– жетекчилер үчүн креслолор. Бул эмерек премиум класстагы товарларга кирет. Аны жасаш үчүн кымбат баалуу жасалгалоочу материалдар (тери, жыгач, металл) гана эмес, татаал техникалык механизмдер (газолифттер, бекем синхромеханизмдер, терелүү механизми ж.б.) колдонулат;
– персоналдар үчүн кресло менен отургучтар. Бул категориядагы эмеректер россия кеӊселеринде, коомдук жана турак жай имараттарында кеӊири жайылган. Даярдоо үчүн пластик, металл, табигый жана жасалма тери, бекем синтетикалык кездемелер, кымбат эмес газолифттер менен жөнөкөй механизмдер колдонулат. Бул моделдердин популярдуулугу наркынын кымбат эместиги, бекемдиги жана универсалдуулугу менен шартталган;
– келгендер үчүн кресло менен отургучтар. Алар узак убакытка пайдаланууга багытталган эмес, андыктан конструкциясынын жөнөкөйлүгү, туруктуулугу жана механизмдердин жоктугу менен айырмаланып турат. Буттары же тоголонгон дөӊгөлөктөрү бар отургучтар кабылдамага, сүйлөшүү бөлмөлөрүнө, конференц-залдарына, окуу аудиториясына ж.б. коюлат. Эгерде уйунуздо уй эмерегин жанылайм десениз Табылга соода борборунан келиниздер, эн томон баалар жана кенен тандоо.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить