Кантип кадимки көмөч казанды түбүнө тартпагандай кылып жасаш керек

Азыркы учурда көмөч казандар түбүнө тартпагандай каптама менен өндүрүлүп, сатыкка чыгарылууда. Бул бир жагынан ыӊгаайлуу, ал эми экинчи жагынан бардык каптамалар коопсуз эмес.

Бекем жана коопсуз идиш дээрлик кымбат турат, андыктан сыртына зыян кылып албаш үчүн ага аярлык менен мамиле кылуу керек.

Кадимки көмөч казанды түбүнө тартпагандай кылып жасоо үчүн сизге төмөнкү нерселер керектелет:

– аш тузу;

– өсүмдүк майы;

– таза, кургак көмөч казан.

Кадамдык нускама:

  1. Көмөч казандын түбүнө туз салып, тынбай аралаштырып 20 мүнөткө жай күйгөн отко кармаӊыз.Көмөч казандын түбүндө туз аралашкандай кылып аралаштырып туруӊуз.
  2. Отту өчүрүп, көмөч казанда туз суугандай болсун. Тузду төгүп, жуугуч каражаттарды колдонбостон көмөч казанды жумшак майлык менен жууӊуз.
  3. Көмөч казанды сүртпөстөн отко коюп, дагы бир ирет ысытыӊыз.
  4. Вилкага марляны же бинтти ороп, өсүмдүк майына чыктап туруп, көмөч казандын түбүз сүртүӊүз.
  5. 2–3 мүнөттөн кийин түбүн салфетка менен сүртүӊүз. Жука кылып май куюп, көмөч казанды 3 мүнөткө кайра ысытыӊыз. Салфетка менен кайра сүртүп, жол-жобону дагы бир ирет кайталарыз.

Ушундай жол менен даярдалган көмөч казандын кабатын бузуп албаш үчүн көмөч казанды жуугуч каражат менен жуубаӊыз жана түбүн чийип албаӊыз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить