Выбираем диван

Таттуу татымалдан колго алып, сүйүктүү тасмаӊды коюп, бутуӊ менен диванга секирсеӊиз – үйдөгү ыӊгайлуулуктун жеткен чеги эмеспи?

Эгер сиз жакында диван тандай турган болсоӊуз, тандоодогу бардык жагдайды айтып беребиз.

Көлөмү менен формасына эӊ алгач көӊүл буруу абзел. Сиздин интерьериӊизге, имаратыӊызга жараша диван тандалат. Кенен бөлмөгө эки-үч орундуу диван менен кресло, ал эми кичинекей бөлмөлөргө кууш такоочтору менен анча чоӊ эмес диван (бурч эмес) коюу талапка ылайык.

Бардык нерседен бат тажаган кишилер үчүн модулдук дивандар бар. Модулдун конфигурациясын, интерьерди өз алдынча алмаштырып, ар бир жолу жаӊыча көрүнүп калат.

Меймандос кожоюн болсоӊуз дивандын трансформация механизмине көӊүл буруӊуз. Мында конокторго диванды жайыш үчүн эбегейсиз күчтүн кереги жок.

Алына турган каптары менен ткандан жасалган каптама болушу керек. Аны тазалаганга, жууганга ыӊгайлуу, ал эми диваныӊыз жапжаӊы бойдон турганы турган.

Чөнтөк. Жакшы диван арзан болушу мүмкүн эмес. Анын турпатына, материалына, каптамасына, тигишине көӊүл буруӊуз.

Эӊ негизгиси – диванды сүйүш керек. Дүкөнгө келип, байланыш түзүүнү сунуштайбыз. Ымала келишсе, мейли дүкөндөн, мейли интернеттен заказ кылып, сатып алсаӊыз болот.

Сиздин ошол сүйүктүү диваныӊыз барбы же дагы эле издеп жүрөсүзбү?

“Табылга” соода борборуна келсеӊиз, биздин адистер сизге ылайыктуу диванды тандап берүүгө жардам берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить