Лампочканын түрлөрү: артыкчылыктары менен кемчиликтери

Биз күн сайын лампочкадан чыккан электр жарыгын колдонобуз. Келгиле, лампочканын кандай түрү бар экендигин, кайсынысы бизге туура келе тургандыгын жакындан билебиз.

Лампочканын үч түрү бар. Алар: ичине зым же көмүр жип коюлган кадимки лампочка, люминесцент лампочкасы жана жарык диоддуу лампочка.
Ичине зым коюлуп ысытылып жасалган лампочканын баасы төмөн болуп, форма, көлөмү ар кандай болот, туруксуз чыӊалууга туруктуу, бирок жарык берүүсү төмөн: 10дон 22лм/Вт чейин. Ысыгандан улам убакыттын өтүшү менен айланасында так пайда болот.

Мындай арзан лампанын негизги кемчиликтери төмөнкүлөр:
— түбү болоттон жасалгандыктан патронго жабышып калышы мүмкүн;
— өтө ысып кетип зымдар биригип калышы мүмкүн.

Люминесцент лампочкасы жогорудагы лампага караганда 5 эсе натыйжалуу жана кызмат өтөө мөөнөтү 10 эсе көбүрөөк.
Кемчиликтери:
— радиотолкундарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн;
— көзгө зыян;
— туруксуз чыӊалууга чыдабайт;
— лампочканы тез-тез өчүрүп-күйгүзүү кызмат өтөө мөөнөтүн кыскартат;
— курамында сымап болгондуктан кооптуу.

Жарык диоддуу лампочка электр кубатын эӊ аз керектейт, чыӊалуунун өйдө-төмөнүнө туруктуу, корпусу бекем, кызмат өтөө мөөнөтү узак, билинер-билинбес ысыйт. Азыркы күндө ар кандай формада чыгарылып келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

До розыгрыша лотереи
Аренда помещений
+996 (551) 33-44-71 Позвонить